Эрулан Кокулов: "Кыргыз тилинде баяндама уккуңар келсе, баш мыйзамды өзгөрткүлө"

Кыргыз тилинде баяндама уккуңар келсе, баш мыйзамды өзгөрткүлө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эрулан Кокулов билдирди.

"Урматтуу төрага, мына азыр Динара айымга өзүңүздүн жеке каалооңуз менен кыргызча баяндама жаса деп койдуңуз, сөзүнүн 70 пайызы орус тилинде болду. Конституцияда орус тили расмий тил катары жазылган. Эгер жалаң кыргыз тилинде баяндама уккуңар келсе, баш мыйзамды кайра өзгөрткүлө. Мен деле кыргызча жасаса дейм, бирок азыр эмнени түшүндүк. Урматтуу төрага, ошондуктан сиз жеке өзүңүз чечим чыгарбай добушка коюңуз, баарыбыз чечели", - деди Кокулов.

Ага Нурланбек Шакиев бул жеке каалоосу эмес, регламенттин талабы экенин айтып, бардык баяндамалар мамлекеттик тилде жасалышы керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова орус тилинде баяндама жасай баштаганда төрага Нурланбек Шакиев баяндаманы кыргыз тилинде жасоону талап кылган.

Жогорку Кеңеш 15.12.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан