
Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү
Шайлообек Атазов Бишкектин абасынын булгануусунун себептеринин бири катализатору жок унаалар экенин белгилеп, канча автоунаа катализатору жок жүргөнүнө кызыкты.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул маселени экология министрлиги карай турганын айтты. Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова учурда муну текшерүүгө укугу жок экенин билдирип, техникалык кароодон өткөрүү нормасы мыйзамдан алып салынганын белгиледи.
Атазов мындан сырткары Бишкек ЖЭБинен чыккан түтүн абаны булгап жатканын айтып, жагылган көмүрдүн сапатынан шек санады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев көмүрдү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп ала турганын, абанын булганышында ЖЭБдин үлүшү 10 пайыздай гана болорун белгиледи.