"Эт, май арзан баада болот". Жалал-Абаддагы базарда жаңы жылдык жарманке өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 15-декабрда Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда жаңы жылдык жарманкенин ачылуу аземи өттү. Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Шаардык мэриянын маалымат борбору иш-чарада шаар тургундарына жана конокторуна эстрада жылдызы Данияр Эрматов баштаган өнөр ээлери тарабынан акысыз концерттик программа тартууланганы маалымдады.

Анда эт, май, ун, жашылча-жемиштер сыяктуу күнүмдүк турмушта керектелүүчү азыктар арзан баада сатылууда. Жарманке 15-декабрдан 31-декабрга чейин уланып, бир гана муниципалдык базарда уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Anarchy
2022-12-15 16:04:00
Ондоп койсонор боло, нормально окууй албайт экенсин , бир ойдо бир флдый жылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан