Бүгүн, 15-декабрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.
Аземге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас районунун башчысы Нургазы Нармырзаев жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңы курулган имарат керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.
"УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык облус, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти" деп айтылат мекеме берген маалыматта.