Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү бардык мектептер онлайн окутууга өткөрүлдү

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлдү. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен тастыкташты.

Билдирмеге ылайык, окуучулар 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан билим алышат.

"Жетим балдар үчүн интернат тибиндеги мекемелеринен тышкары, менчиктин бардык формаларында жана типтериндеги жалпы билим берүү уюмдары 2022-жылдын 15-декабрынан 24-декабрына чейин онлайн форматта окутууга өтөт", - дешти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 509 мектеп, 164 бала бакча карантинге жабылган болчу.

Маалымат үчүн: Акыркы сутка ичинде өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 8730 учуру катталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NUR-01
2022-12-15 19:00:00
Эжеке агайларды мектепке келип өткүлө дейт ушул туурабы үйдө өтөбү ошону супер инфо тактап бергиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан