Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, объекттин кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт.
Адистер станцияны куруу үчүн жер тилкесин Ысык-Көл, Баткен облустарында жана Токтогул ГЭСинин аймагынан караштырып жатканы айтылды. Аймактарды изилдөө иштери 4 айды талап кылат.
"Компания курулушка 180 миллион доллар салым жасоо ниетинде. Курулуш иштери июнда башталат деп пландалууда. Объект 2025-жылы колдонууга берилет", - деп айтылат маалыматта.