Мектеп директорлорун тандоо: Баткенде сынактан 22 талапкер өттү

Баткен облусундагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.

Сынак 15-декабрда болуп, ага катышуу үчүн 89 адам документ жиберген. Анын 68и компьютердик тестирлөөгө катышуу укугун алды.

Тестирлөөгө жалпы 66 талапкер катышып, экөө тестке келген жок. 60 пайыздык босого чектен 26 адам өтүп, 22си жеңүүчү деп табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан