Бүгүн, 16-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырат.
Иш-чара УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.
Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара саат 15:00дө башталат.