Чаткалда дайынсыз болуп жаткан үч киши аман-эсен табылды

Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан.

"Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине төрт куткаруучу унаа менен чыгып, аларды таап келишкен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда алардын абалы жакшы экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Махмуд Жаркынбаев
2022-12-17 15:57:00
Жакшы болуптур табылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан