Узундугу 70 километр жана туурасы 25 чакырымды түзгөн Паландөкен тоолору 1993-жылда “Кышкы туризмдин борбору” деп жарыяланган.
Паландөкендө Эрзурум кысыгы, Конаклы жана Гез платосунан турган 3 лыжа курорту бар. Эрзурум кысыгы Паландөкен лыжа борбору катары да кеңири таанылган. Паландөкен лыжа борборунда орто, ири жарыш жана чемпионаттарды өткөрө турган эки лыжа аянтчасы бар. Бул муз аянтчалары Эл аралык Лыжа Федерациясы тарабынан каттоого алынган.
Паландөкен тоолору деңиз деңгээлинен 3 миң 176 метр бийиктикте жайгашкан. Паландөкен тоолоруна кар калың түшөт. Бир аз кургак суук болгондуктан жааган кар тезден эрип кетпей, узак кармалып турат. Беш ай бою лыжа тепкенге ыңгайлуу жер.
2011-жылы 25-Дүйнө университеттеринин кишки оюндарын өткөргөн Эрзурум Түркия жана дүйнө боюнча кышкы туризмдин жаңы локацияларынын бирине айланды. Паландөкен тоолорундагы лыжа жолдолору тик жана узун болгондуктан кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө да болот. Паландөкен “New York Times” журналы чыгарган рейтингде дүйнөдөгү 41 лыжа курортторунун арасынан 18-орунду ээледи.
Паландөкен лыжа борборунда 10 орундуу лифт, 1 телелифт, 2 балдар лифти жана 1 гондол лифти туристтер үчүн кызмат кылат.
Паландөкенде гондол лифти менен 1 000 метр бийиктикке көтөрүлүп Эждар тоосунун чокусуна чыгып барасыз. Эждар дестинациясында 7 оңой, 8 орто, профессионал жана 4 табигый лыжа аянтчалары бар. Бул аянтчаларда бир убакытта 12 миңдей адам лыжа тээп жүрө алат.
Паландөкен лыжа борбору тоо лыжасы жана сноуборд үчүн өтө ыңгайлуу жер деп таанылганы менен бул дестинацияда параплан, алпинизм, “snowtube” жана пейнтбол үчүн да жетиштүү шарттар бар.
Паландөкен конгресс туризминин борбору да болуп саналат. Анткени Паландөкен лыжа борбору Эрзурумдагы заманбап бейтапканалардан 5 чакырым гана алыс жайгашкан. Ошондой эле бул дестинациянын тегерегинде 3 жана 2 жылдыздуу отелдер да бар. Лыжа борборунан аэропортко чейин 15 км, шаар ичине чейин 4 чакырым. Лыжа тебетурган районго дем алыш күндөрү Эрзурум шаар акимиятынын автобустары, башка күндөрү болсо такси жана минибустар тынбай каттам турат.