Конья шаары Түркиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Калкы 2 миллиондон ашык болгон бул шаар абасы, жаратылышынын кооздугу жана тарыхый имараттары менен туристтерди өзүнө тартып турат.
Алсак, шаардагы тарыхый музейлердин бири бул - Панорама музейи. Аталган жаңы, заманбап музей шаардын четинде жайгашкан.
Музейде XIII кылымда жашаган түрк философу, теолог, акылман Желалиддин Руминин басып өткөн жашоосу тууралуу маалыматтар чагылдырылат.
Мухаммед Желаледдин Руми XIII кылымда жашаган Мевлана аты менен белгилүү философ,акын, аалым
теолог болгон. Ал 1207-жыл 30-сентябрда төрөлгөн. Мевлана дүйнөгө өзүнүн философиялык ойлору менен атагы чыккан акылман катары таанымал. Музей 2017-жылы шаардык муниципалитет тарабынан ишке берилген. Музейде Мевлананын бүт өмүрү жана колдонгон буюмдары сакталып турат XIII кылымдагы Конья шаарынын жашоо турмушу жөнүндө баяндалат. Музей эки бөлүктөн турат, Биринчиси короонун ичинде Селчук доорундагы имараттардын макеттери болсо, экинчиси музейдин ичиндеги галерея. Ал жакта Мевлананын бала чагынан өмүрүнүн акырына чейинки окуяларды чагылдырган чоң сүрөт такталары илинип турат.
Панорама бөлүмү музейдин жогорку кабатында жайгашкан. Бул музейди уникалдуу көрсөтүп турат. Ички бөлүктөрү XIII кылымда Анадолу Селжук доорундагы Коньяны сүрөттөгөн жана ал тургай аны тирүү кармаган аймактарды чагылдырып турат.
Туркиянын үч шаарында Мевлананын жашоо турмушу тууралуу чагылдырган чоң музейлер бар. Бири бул Конья шаарында болсо, экинчиси Бурса,эң чоңу Стамбул шаарында жайгашкан.
Туркия мамлекети тарыхка өзгөчө көңүл бөлгөн, тарыхый имараттарга маани берген өлкө. Бул жактагы адамдар дагы тарыхый инсандарын баалап, алардын музейине бат-баттан келип турушат.
Дал ушул Коньядагы музейди көрүү үчүн эле жылына миллиондогон турист Коньяга келип турат.
"Бул пресс-тур Түркия Маданият жана Туризм министрлигине караштуу Туризмди Өнүктүрүү Агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулду. Ыраазычылык билдиребиз!
Туристтер агылып келген бул музейге кирүү акысы 6 лираны тузөт (болжол менен 36 сом).