Үч өлкөдө Кыргызстандын соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду

Кытай, Түркия жана Өзбекстанда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргызстандын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөнүн тышкы рыноктордо экономикалык жана соода кызыкчылыктарын алга жылдырууну күчөтүү максатында кабыл алынды.

"Ата мекендик өндүрүүчүлөр, айрыкча чакан жана орто бизнес ээлери өз продукцияларын тышкы рынокторго экспорттоодо көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, анткени башка өлкөлөрдөгү импорт жол-жоболору жана тышкы рыноктун талаптары жөнүндө маалымат жетишсиз. Соода өнөктөштөрүн табууда, өз продукцияларын жарнамалоодо көйгөйлөр бар. Ишкерлер көбүнчө өз продукцияларын сатуу рыногун аныктоо боюнча маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Белгиленген көйгөйлөрдү чечүү жана ата мекендик продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында соода өкүлчүлүктөрүн түзүү чечими кабыл алынды. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, соода өкүлдөрүнүн институту – бул экспортточуларга колдоо көрсөтүүнүн кыйла натыйжалуу механизми", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан