"Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, документ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
"Келечек булагы" туруктуу пенсиялык системанын стратегиясы жалпы улуттук деңгээлдеги социалдык коргоонун тийиштүү системаларын жана чараларын ишке киргизүүгө жана 2030-жылга карата калктын аяр катмарын камтууда олуттуу натыйжага жетишүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле документ пенсионерлердин татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү орто жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча багыттарды жана милдеттерди аныктай тургандыгы кошумчаланды.