Азиздер жана дүлөйлөр коомуна коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөргө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, республика боюнча “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан