Түркиялык нейрохирург мээ ооруларын дарылоо боюнча кыргызстандык дарыгерлерге акысыз семинар өтөт

21-декабрда паркинсон, эпилепсия жана башка мээ ооруларын дарылоо жолдору боюнча түркиялык нейрохирург Гүлшах Өзтүрк кыргызстандык дарыгерлерге акысыз семинар өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Asmer Medical компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар саат 13:30да Бишкектеги Plaza отелинде өткөрүлөт.

"Окутуунун жүрүшүндө жергиликтүү дарыгерлер ар кандай мээ илдеттерин дарылоонун заманбап усулдары боюнча маалымат алышат. Семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 22-декабрда чет элдик нейрохирург бейтаптарды кабыл алып, консультация бермекчи. Ага эпилепсия (талма), паркинсон жана ар кандай мээ илдеттеринен жабыр тарткан адамдар кайрылып, маалымат ала алышат.

Белгилей кетсек, паркинсон илдетинен дүйнөдө 8,5 миллиондон ашуун адам жабыркап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан