Садыр Жапаров калааны каптаган кара түтүндөн арылуунун жолун айтты

Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт, ышты көзөмөлгө алганга жалпы эл өзү жардам бериш керек. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде билдирди.

Анда мамлекет башчысы “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” кармалган мүчөлөрү жана Бишкектеги ыш көйгөйүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Быйылкы жылы Бишкекте ыш көйгөйү абдан курч болууда. Эки-үч күн мурун калааны каптаган кара түтүн, ыш азая түшкөнсүдү. Парламенттин айрым депутаттары бул маселеге Бишкек мэрин да күнөөлөштү. Кызматтан кетирүү боюнча да сөз болду. Бул көйгөй эмнеден улам? ЖЭБденби же көмүр сапатынанбы, же дагы башкаданбы? Дегеле бийликтегилер бул маселени иликтеп атабы?

– Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк.

Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып жатат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек . Ошондо гана түтүн жоголот. Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Ким жеке сектордо мончого же үйүнө резина же чүпүрөк жагып жаткан болсо, айып пул салгыла, сауна болсо жапкыла деп. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз.

Элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жатат. Баары бүтсө электроэнергияга өтүп кетсек, түтүндөн кутулабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
subhan80
2022-12-17 15:04:00
Эн туура баамдапсы,банясы бар часный секторлор тряпка жагат
0
ABAkg86
2022-12-18 00:49:00
Бишкекте кара тутун кышында, б.а. кун сууп, кошумча жылуулук пайдаланыла баштаганда пайда болот. Бишкек и аймагын кошкондо миллиондон ашык калк жашайт. Анын болжолдуу 30 пайызы шаардык жылуулук системасын пайдаланса, калган карапайым калк айласыздан куйуучу заттын баарын жагышат. Эл эмне кылсын, жашоо учун ошого мажбур. Тутунду жоготуу учун элди чонтоко туура келгилей кылып газ, электр энергиясы менен толук камсыз кылуу гана керек.
+3
Antiradikal11
2022-12-18 11:01:00
Бул аферист дооругонун койбоду да. Жаз, жайы менен эшек такалап футбол ойноп, жер суу сатып журуп эми ойгонгондой суйлоп коюптур... Биринчи кезекте шамалдын агымын бууган жаны коп кабаттуу уйлорду курдурбаш керек эле. Эми да кеч эмес. Бузуш керек аларды. Экинчиден Бишкектин айланасына жаны жер участогун болуп берууну токтотуу керек. Жаны конуштарда коп кабаттуу уйлорду куруп, аны борбордук жылуулук стстемамына улап, ал жерлердеги жер уйлорду азайтуу керек.
+3
Antiradikal11
2022-12-18 11:04:00
Бишкектеги ыштын 2 негизги себеби бар. ТЭЦ менен жаны конуштарда жагылган комур, резина, чупурок ж.б. Экинчиси унаалардан чыккан ыштар. Окмот канча жылдан бери катализаторлорду козомодобой келген. Эми да кеч эмес. 2023-жылдын 1-сентябрынан ары катализатору жок унааларды айып аянтчасына токтотуу керек. Качан гана катализаторлорун койдурушса гана унааларын алып кетууго уруксат беруу керек. Катализатору жок унаалардын журуусуно богот кою керек.
+3
Antiradikal11
2022-12-18 11:07:00
Садыр аферист дооругонун койбоду акмак. Кылаар иши жок кечке ушак андыйт. Кемпирабадды сатып жиберип Кемпирабадды алдык деп дооруйт. Эртен эле 2 доопарас котко тебилип бийликтен куулат. Ошондо Кемпирабад боюнча жоопко тартылчу кун келет буларга. 7 тукумуна чейин камаш керек. Ошондо да Кемпирабадды кайтарып ала албайбыз эми, 2 акмактын айынан.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан