Конья шаарында Мевлана Руминин дүйнөдөн өткөнүнүн 749-жылдыгы белгиленүүдө. Иш-чара Түркия мамлекетинин Конья шаарындагы "Мевлана" маданият борборунда өтүп жатат.
XIII кылымда жашаган философ, теолог, ойчул Мевлана Желалиддин Руминин "Шеба-Арус" аталышындагы мааракесине аталган өлкөнүн парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Конья шаарынын мэри Ибрахим Алтай жана башка эл өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, иш-чара жыл сайын 17-декабрда жогорку деңгээлде белгиленип келет.
Маалымат үчүн: Философ Мевлана Желалиддин Руми 1273-жылы 17-декабрда дүйнөдөн кайткан.