Садыр Жапаров мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Журт тышында иштеп жүргөн ардактуу мекендештер!

Дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы – жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш. Ошентсе да, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел. Эл эмгек миграциясынын агымы менен барган өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдары жана стратегиялары эл аралык укуктук ченемдер, ошондой эле аларды ишке ашыруунун кепилдиктери толук камтылган эл аралык милдеттенмелерге ылайык келиши шарт.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк миграциялык агымга жараша, биздин жарандарыбыз дагы белгилүү бир жагдайлардан улам мындай процесстин ажырагыс бөлүгү болуп калды. Мекендештерибиз чет жерлерде талбай иштеп, өздөрү, жакындары үчүн жаңы жашоо курууга далалат кылып, алга умтулушууда. Ошону менен катар эле жергиликтүү деңгээлдеги социалдык маселелерди чечүүгө, социалдык жана башка инфратүзүмдүк объектилерди курууга, өндүрүш ишканаларын ачууга жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүп, ата мекенинин өнүгүүсүнө салым кошуп келет.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Мындай эки тараптуу байланыштар биргелешип өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратары белгилүү.

Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде. Мисал катары 2021-жылдын 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясы бекиген.

Бул документ өлкөдөгү миграция процессин жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат. Концепция миграция жаатында артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди, максаттардын тутумун өзүнө камтыган жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген.

Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын максаты миграция агымында жагымсыз факторлорду жумшартууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграция процесстерин турукташтыруу болуп эсептелет.

Тиешелүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жарандарыбызды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасоодо жана мындан ары дагы мындай аракеттерин жигердүү улантат.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мекендештерибизди өз мекенинде, өз үйүндө, балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, иштеши үчүн бар күч-аракетибизди жумшайбыз!”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal11
2022-12-18 12:11:00
Доорубочу келесоо, доопарас. Мигранттар сага кайрыла берип тили тешилди го. Элементарный каттоо маселесин чечууго жараган жоксун го Россияда иштеген мигранттардын. Канча мигрант кирди чыкты кылам деп жолдо баратып олуп кетип жатат. А сен жомок айтасын аферист. Ал аздай Россияга бир чимкирик аяшынды элчи кылып коюп койсон бир миллиондой мигрантты мазактагансып.
+3
Antiradikal11
2022-12-18 12:14:00
Устундо Алла Таала турат, калп айтаарда бир ойлонуп койчу. Элди алдасан да Алла Тааланы кантип алдайсын? Же Кудайдан да коркпогон макулуксунбу? Мигранттарды ойлоп бир завод же фабрика курдуруп койдунбу? 2 жылда тышкы миграция канча азайды, эгер азвйган болсо? Азайбай эле ар жылы кобойуп жатат го мигранттарыбыздын саны. Олкодо жашоо онолсо эмгекке жарамдуу элдин жарымына жакыны жер кезип тентип кетмек беле?
+2
Antiradikal11
2022-12-18 12:17:00
Кемпирабадды саткан саткын! Ойлодунбу тушпос хан болом деп. Ким Кемпирабадды оозанса камата берем деп. Эртен эле Кемпирабад боюнча жооп берээринди, эл сени 7 тукумуна чейин каргап отоорун билбединби? Атан менен апан олбой турса болмок экен, саткын уулунун чыныгы жузун коруп кетишмек, саткындыгын коруп кетишмек.
+3
Zama
2022-12-18 12:35:00
Россияга кетсем пособияны токтотуп коюптур, беш балам бар! ошол пособия жетсе ким барат чет олкого, кимдин козу учуп турат бала чаканы таштап?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан