Бишкектин айрым райондорунда 20-21-декабрда газ берүү убактылуу токтотулат

Бишкектин айрым райондорунда 20-21-декабрда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы маалымдады.

Ага ылайык, бул күндөрү шаардын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан улам Аламүдүн-1, Энергетиктер, Курулушчулар шаарчасы кичи райондорунда, Учкун конушунда, Лебединовка айылындагы Калинин, Жеңиш, Садовая, Токмок көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.

"Ишкана жумуштарды тез аранын ичинде жасап, газ берүүнү кайра улантканга бардык аракетин жасайт. "Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан