Эртең, 19-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, айрым жерлерде туман каптайт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз +3…+8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Нарын дубанында түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6 градус болот.