Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттер 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында жолугушкан.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан