Султанбаев: "Президентти дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине Катардын эмири чакырган"

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал өлкө лидерлери акыркы убакта эки жолу көзмө-көз жолугушуу өткөрүшкөндүгүн эске салды.

"Биринчи жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, экинчиси Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин алкагында өткөн. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Катардын эмири президент Жапаровду жеке өзү Катарга, анын ичинде 2022-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине чакырган", - деп жазган Султанбаев.

Ал кошумчалагандай, Катарга дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнүн лидери ардактуу конок катары чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан