2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Аталган документ президенттин ушул жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Муну эске алуу менен министрлер кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.
Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.