Катализатору жок айдаган унаалардын айдоочуларына 20 миң сом айып салуу сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көтөрүп чыкты.
Белгилүү болгондой, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Анда унаада катализатору жок болсо, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу жагы каралган.
Белгилей кетсек, унаалардан чыккан түтүн Бишкекти каптаган ыштын бирден бир себеби болууда.
Ушул жылдын башында өлкөдө 1 миллион 103 миң 445 жеңил унаа каттоодон өткөнүн “Унаа” мамлекеттик ишканасы билдирген.
Бишкекти каптаган ыштын бирден бир себеби унаалардан чыккан түтүн экени айтылып келүүдө.