Эртең, 20-декабрда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө -3…-8, күндүз +4 … +9;
Талас жергесинде түнкүсүн -6 … -11 күндүз +6 … +8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -3 … -5, күндүз +9 … +11 ;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5 … -10, күндүз -2 … +7;
Нарын облусунда түнкүсүн -21 … -23, күндүз -7 … -9;
Бишкек шаарында түнкүсүн -5… -7, күндүз +5 … +7 градус болот.