Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрага болду

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Темир Сариев шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Белгилүү болгондой, Сариев бүгүн, 19-декабрда кезексиз съезддин жүрүшүндө шайланды.

Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү тарабынан экономиканын ар бир тармагынан шайланган делегаттар талапкерлердин бирине добуш бере алышат.

Буга чейин аталган кызматка аттанып жаткан Жодар Сайдилканов менен Авазбек Керимбаев талапкерлигин алып салган.

Шайлоого жалгыз гана Сариев катышкандыктан добуш берүү ачык өттү. Эрежеге ылайык, эки же андан көп талапкер катышканда добуш берүү жабык болмок.

Ал эми мурдагы президент Марат Шаршекеев ноябрдын ортосунда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Маалымат үчүн: Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстан экономикасынын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөктөшкөн өкмөттүк эмес уюм. Мекеме ишкерлердин кызыкчылыгын көздөп, алардын атынан иш алып бара алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан