Бишкекте эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт

Бишкекте 20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маалымдалды.

Анда форумдун расмий ачылыш аземи эртең, 20-декабрда саат 12-00дө Улуттук тарых музейинде башталары айтылат.

Иш-чарада Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу “Боз үй мекени”, Нарын облусу “Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат. Сыйлыктарды Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев салтанаттуу түрдө тапшырмакчы.

Ал эми бүгүн, 19-декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун көргөзмөсү ачылды. Ал саат 12-00дөн тарта иштей баштаган. 21-декабрь күнү форум министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде илимий- практикалык конференция менен уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан