Жалал-Абадда Жаңы жылдык балатынын чырактары жанды (сүрөт)

Жалал-Абад шаарында Жаңы жылдык балатынын чырактары жанды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлады.
Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышты.
"Калаа мэри Ормоков шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалады. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды", - дешти мэриядан.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg-04
2022-12-19 22:48:00
Жалывуд 27 метр Бишкек 25 метр эртен коросунор Оштун мэри 30 метрлик орнотот пустой понт урганды суйот биздикилер
+1
Almaz-Pazylbai
2022-12-19 23:26:00
Kg-04, айтпа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан