Тажикстанга чектеш Кулунду айылында "РСК Банктын" филиалы ачылды

Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө "РСК Банк" ачык акционердик коомунун филиалы ачылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда болгон ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева, Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов жана "РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Кадырбек Букуев катышты.

"Баткен облусун колдоо жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Кулунду айылында "РСК Банк" сактык кассасы ачылды. Бөлүмдө банктык кызматтардын бардык спектри: төлөм карталарын жана депозиттерди ачуу, кредиттерди берүү, мамлекеттик бюджетке төлөмдөр, ички жана эл аралык которуулар жана башка кызматтар көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан