Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Сиздер эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе жатасыздар. Мындай ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип - каармандыкты, тайманбастыкты, керек болсо жанын аябаган эрдикти талап кылат!
Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин майтарылбас курч мүнөзү, ата мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздайт. Бул өзгөчө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяларда башка күч түзүмдөрү менен бирге сиздердин кызматкерлердин каармандыктарынан даана көрүндү. Демек ата мекен менен эл-журттун бейпил турмушу жана бейкапар жашоосу сиздердин тыкыр аракетиңиздерден көз каранды.
Урматтуу кызматкерлер жана ардагерлер, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздерге бекем ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык, элибизде бейпилдик өкүм сүрсүн!", - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.