Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен кайрылган бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары ҮМБнын иштөө графигине ылайык дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00дөн 18:00 гө чейин жана жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки мөөнөттө иштейт.
Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт. у Кайрылгандар амбулатордук консультациялык жардам ала алат.
"Оорунун алгачкы белгилери байкалганда алдын алуу чараларын көрүү керек (беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, көп адамдар чогулган жерлерге барбоо, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу, жайларды тез - тез желдетүү ж.б.), Ошондой эле дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия-тез жана туруктуу айыгуунун натыйжалуу жолу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефон номерлери: