Жогорку Кеңештин депутаттары Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Ош шаарында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда болгон иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Сүйүнбек Өмүрзаков, Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Алишер Эрбаев, Алишер Козуев, Карим Ханджеза, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери жана тургундар катышты.

Жыйында прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилери кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү багытында учурдагы абал боюнча маалымат беришти.

Мындан сырткары Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев сел жана суу ташкындары учурунда шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле талкууланган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан