Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазды.
Белгиленгендей, сапар 21-22-декабрга пландалган. Анын алкагында президент Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.
Мындан сырткары соода-экономикалык жана транзиттик транспортту мындан ары чыңдоо, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүү чаралары сүйлөшүлөт.
Мындан тышкары, өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык маанилүү темаларды талкуулашат.
Ошол эле учурда бир катар эки тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.