Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Нурланбек Шакиев Кыргызстан Орусия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, экономикалык алакалардын учурдагы абалына токтолду.
“Быйылкы жылдын 9 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард 226 миллион долларга жетип, былтыркы жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 36,8 пайызга жогору болду. Бул албетте чек эмес. Биз негизги соода өнөктөшүбүз катары Орусия менен экономикалык байланышты мындан ары да чыңдоону көздөйбүз”, - деди ал.
Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да сөз кылган төрага бул жааттагы алакалар да жигердүү уланып жатканын белгилеп, кийинки жылы Орусияга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдады.
Өз кезегинде Николай Удовиченко эки тараптуу жана эл аралык аянтчалардагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Айрыкча, экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.
Андан тышкары, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын сөз кылды. Ошондой эле быйыл туризм чөйрөсүндө да жыйынтыктар жакшы экенин айткан элчи мында түз аба каттамдарынын көптүгү жакшы таасир бергенин кошумчалады.