Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Дайырбек Маматкалиевге жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев бүгүн курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Дайырбек Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту.
"Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен Индиядан дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Маматкалыевдин ата-энеси УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Дайырбектин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.