Бүгүн, 20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин жакындары Бишкектеги Панфилов сейил багынын жанына нааразычылык акциясына чыгышты.
Анда чогулгандар камалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышууда.
Камакка алынган 20дан ашуун саясатчы, активисттердин 15 чактысы 5 күн мурун ачкачылык жарыялашканы маалым болгон.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.
Милиция кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда борбор калаадагы кафелердин биринде өткөн жыйыны негиз болгонун билдирип, аларга карата коюлган айыптар боюнча далилдер жетиштүү экенин белгилеген. Ал эми кармалгандар муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсү жок экендигин айтып келишет.