Маркум Бекжан Темирхандын кыялындагы үйгө ата-энеси көчүп кирди

Маркум Бекжан Темирхандын кыялындагы үйгө ата-энеси кечээ, 19-декабрда көчүп кирди. Ырчы көзү тирүү кезинде ушул үйдү атасы менен чогуу көрүп, сатып алууну максат кылган.

Анын кыялын орундатуу үчүн Сыймык Бейшекеев баштаган анын сахналаштары аракет көрүп, жумурай-журт тарабынан акча каражаты топтоло баштаган. Мындан сырткары эскерүү концерти уюштурулуп, андан чогулган акча да үйдү сатып алууга жумшалган.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеевдин айтымында, Бекжандын ата-энеси үчүн сатылып алынган үйдө бардык шарттар бар. Керектүү буюмдарга чейин алынып берилген.

Эскерте кетсек, эстрада ырчысы Бекжан Темирхан ушул жылдын 10-ноябрь күнү кечинде Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза болгон.

Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда түнкү саат 22:30да катталып, ырчынын унаасы зоодон, 100 метрлик ылдый кулап түшкөнү кабарланган болчу.

Ырчы Бекжан Темирхандын кыялындагы үйгө ата-энеси көчүп кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан