Өлкөдө мектептердеги карантин убактысын узартуу сунушталды

Өлкөдө мектептердеги карантин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартуу сунушталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине байланышканыбызда кабарлашты.

Маалымдалгандай, мындай сунуш өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги мектептердеги карантин убактысын 30-декабрга чейин узартуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат жөнөттү" дешти мекемеден.

Маалымат үчүн: Буга чейин өлкөдөгү бардык окуучулар 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан билим алууга өткөрүлгөн болчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан