Быйыл Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жыл майрамына карата салют атылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Билдирмеге ылайык, майрамдык салюттарды уюштурууга шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.
"Учурда борбор калаанын мэриясы 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдап жатат. Жаңы жыл алдында шаардыктарды чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт", - деп билдиришти мэриядан.