Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушунун байге фондун көбөйттү. Мекемеден кабарлагандай, учурда байге фондунда 52 белек коюлду.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Баш байге үчүн Бишкек шаарынан батир коюлду. Мындан тышкары эки электромобиль ойнотулат.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушу 2022-жылдын 30-декабрында КТРК, "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18 миллард 3 миллион сомго 17 миллион 900 миң лотереялык ID-билеттерди топтошкон.
Белгилеп өтсөк, лотереянын катышуучусу болуу үчүн "Салык Чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл.