ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу: ЖРТда эң жогорку балл канча болгону маалым болду

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу 110 же андан жогору балл топтоду. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги таратты.

Белгилүү болгондой, республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түздү. Анда эң жогорку 226, эң төмөнкү 65 балл болду.

Тестирлөөдө максималдуу баллды Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.

ЖРТны кыргыз тилинде 658, орус тилинде 602 катышуучу тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан