Садыр Жапаров Бишкектеги аскердик окуу жайды күтүүсүз текшерди

Бүгүн, 20-декабрда президент Садыр Жапаров Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда өлкө башчысы окуу жайдын ишмердүүлүгү, абалы, окуу процессинин уюштурулушу жана аскер кадрларын даярдоо методикасы менен таанышты. Ошону менен катар аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттарын көрүп чыкты.

"Жыйынтыгында Садыр Жапаров билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле курсанттардын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zamir_kgz
2022-12-20 19:44:00
Облустарга Аскердик окуу жайларды ачып беришсе жакшы болмок 10 - 11 класстын базасында катардагы жоокер наамын берип?
+1
zamir_kgz
2022-12-20 19:51:00
Контракттык негизде 10-11класстын базасында жумасына 5күн окутса, жоюлуп кеткен Аскер кафедралары сыяктуу. Мамлекетибизге 2 эсе чоң салым болмок көпчүлүктүн купулуна толмок. Бул менин көптөн берки оюм. Өзүм запастагы офицермин. Жогорку жактагыларга жеткизип койсоңуздар урматтуу маалымат каражаттары?
0
Ekb92
2022-12-20 23:42:00
Акчаны самындай самындай кылып, перед новый год алгыла экзамендерден дебептирда......
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан