Украинанын президенти Володимир Зеленський Грузиянын бийлигине кайрылып, учурда Тбилисидеги Вивамеди клиникасында кайтарууда жаткан экс-президент Михаил Саакашвилиге ырайым кылууну өтүндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Зеленський Грузия бийлигине Саакашвилини дарылоо үчүн Украинага, Европанын каалаган өлкөсүнө же Америкага которууга чакырды.
"Мен Грузиядагы бардык досторубузга жана жөн эле абийирдүү адамдарга кайрылгым келет. Азыр ар бир адам Михаил Саакашвилинин абалын, анын ден соолугунун абалын көрүп жаткандыр. Ошондуктан мен Грузиянын элине, Грузиянын бийлигине кайрылат элем, биз ырайым кылышыбыз керек. Михаил Саакашвилиге азыр болуп жаткан мамиле бул шылдың. Бул Грузияга жарашпайт", - деген Зеленський.
Жакында эле Грузиянын Жаза аткаруу кызматы Саакашвилинин камерасынан саясатчынын оор абалын көрсөткөн видеокөзөмөлдөрдү жарыялаган.