Ооганстанда өлүмгө алып келе турган белгисиз оору катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстандын Забул провинциясында эки баланын өлүмүнө алып келген белгисиз оору катталды. Ошондой эле 80ге жакын адамга жуккан.
Мындай маалыматты жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакими билдирген.
Анын айтымында, оору облустун чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Оорунун негизги белгилери - дене табынын көтөрүлүшү, мурундан жана ооздон кан агуу.
Ошондой эле дарыгерлер бул оорунун аныктамасын берүү кыйынчылык жаратып жатканын билдиришкен.