Балбак Түлөбаев министрдин орун басарына: "Бизге катуу сүйлөбөсөңүз"

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев баяндамачы экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованы депутаттарга катуу сүйлөбөөгө чакырды.

"Депутаттар катуу сүйлөсөк, биз менен кошо катуу сүйлөбөсөңүз. Угулбай калып жатат бири-бирибизге, бирибиз сүйлөп бүткөнгө чейин күтүп сүйлөшөлү. Акустика ушундай болуп жатат", - деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев да баяндамачыга эскертүү берди.

"Депутаттар менен сүйлөшкөндө "тонуңузду" көтөрбөңүз. Кез-кезде угулбай калат экен. Бирок тонубузду көтөрбөйлү", - деди Азыгалиев.

Учурда парламентте экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасап жатат.

Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан