Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинети демилгелеген "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр депутаттардын нааразычылыгын пайда кылды.
Эл өкүлү Айбек Осмонов документ чийки экенин белгиледи.
"Карашыбыз керек, көптөгөн чийки жерлери бар. Экинчи окууга алып келгенге чейин ири салык төлөөчүлөр менен чогуу талкуулайлы. Президент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизгенден кийин силер кайра текшергениңер туура эмес. Алыс кетпей эле коңшу Өзбекстанды карайлы, президенти Шавкат Мирзийоев эмне деди, "бир дагы текшерүүчүнү көрбөйүн" деп жатат. Азыр экономикасын карайлы, өнүгүп жатат. Казакстан, Кыргызстандан чоң-чоң жеке ишкерлер ошол жакка барып иш кылып жатышат. Эмне үчүн, себеби текшерүү жок. Алар салыгын төлөйт, иштей берет. Бизде деле салык төлөп жатышпайбы. Менин сунушум - мораторий киргизилгенден кийин, президенттин жарлыгы болуп жаткандан кийин эч кандай текшерүү болбошу керек. Экинчи окууга чейин чоң уюмдарды чакырып алып дагы биргеликте талкуулайлы" , - деди Осмонов.
Мындан сырткары, дагы башка бир топ депутаттар текшерүүнүн түрлөрү өтө көп экенин айтып, кыскартууну сунушташты.
Экинчи окууга сунуштар айтылып, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген. Анда 16 мамлекеттик органга ишкердик субъектилерге текшерүү жүргүзүү укугун берүүнү жагы сунушталган.
Ал эми ушул жылдын 21-ноябрда президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон болчу.