Швецияда монголиялык үй-бүлө муздан көз жоосун алган мейманкана курушту (фото)

Швецияда монголиялык үй-бүлө муздан мейманкана курушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, монгол сүрөтчүсү жана муз кесүүчү Монх-Эрдэнэ Цагаан кышында кар менен музду, жаз, жай жана күз мезгилинде жыгач менен кумдан оюп түшүрөт. Ал жубайы Э.Ууганцэцэг менен бирге Швециядагы муз мейманканасынын курулушуна катышкан. Жубайы 2004-жылы Көркөм өнөр институтун сүрөтчү адистиги боюнча аяктаган. Акыркы жылдары алар чоң мелдештерге чогуу катышып келишет.
Жубайлардын айтымында муз мейманканасы 17 күндө курулган. -5 градус суук болгон мейманкана кардарларды кабыл ала баштады.

Ошондой эле алар 2022-жылдын февраль айында Байкалдагы Ольхон аралында өткөн үчүнчү эл аралык муз оюу боюнча мелдеште экинчи орунду ээлешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан