Караколдо өспүрүмдөр арасында кышкы оюндар мелдеши өтөт

Каракол шаарында өлкөдөгү балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында “Мен чемпионмун” республикалык оюндары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, мелдеш 26-декабрда башталып, 28-декабрга чейин болот.

Анда спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча жарыш өткөрүлөт:

1. Лыжа спорту слалом;
2. Хоккей;
3. Лыжа жарышы.

Мелдештин жеңүүчүлөү медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Жалпы байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.

1-орун - 200 000 сом;
2-орун - 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.

Белгилей кетсек, мелдеш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан