"Байден менен жолугушат". Володимир Зеленський АКШга барды

Украинанын президенти Володимир Зеленський АКШнын Вашингтон шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, сапардын алкагында Зеленський АКШнын лидери Жо Байден менен жолугат.

Эки лидердин кенен сүйлөшүүсү Вашингтон убактысы боюнча саат 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 24:00) Ак үйдө пландалган.

Ал жерде АКШ президентинин командасындагы улуттук коопсуздук боюнча маанилүү мүчөлөрү болору айтылды.

Иш-чаранын алкагында Конгресске жана ЖМКларга кайрылуу жасалат.

Буга чейин Ак үй Зеленський Вашингтонго шаршемби күнү келерин ырастаган. Зеленський ошондой эле Твиттердеги баракчасына Байден менен жолугушуу үчүн АКШга баратканын жазган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2022-12-21 21:35:00
Зеленский, Американский ш....ха как говорится!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан