Бишкек шаарында КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иштөө нөөмөтү узартылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү 08:00дөн 14:00гө чейин эки нөөмөттө иштейт.
Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин "118" ишеним телефону иштейт. Ал бардык кайрылгандарга амбулатордук консультациялык (анын ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча) жардам көрсөтөт.
Сасык тумоонун, грипп сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо зарыл: